Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:33

Боз-Бөлтөк тоосунда Байтик баатыр атындагы корук ачылмай болду


Боз-Бөлтөк тоосу.
Боз-Бөлтөк тоосу.

Өкмөт Бишкектин четиндеги Боз-Бөлтөк тоосунда Байтик баатыр атындагы чакан корук ачууну көздөөдө. Бул үчүн тоодогу жер тилкелеринин ээлерин аныктоо, Жер кодексине ылайык аларга башка жактан жер бөлүп берүү, көрүстөнгө айланган тилкелерди да тактап, үч ай ичинде чакан корук ачууга негиздеме даярдоо тапшырмасы берилди.

Мындай чечим Байтик баатырдын ысымын түбөлүккө сактоо жана жагымдуу экологиялык чөйрөнү колдоо максатында кабыл алынып жатканы, ал жерге тарыхый-маданий корук макамы берилери кабарланды.

Улуттук илимдер академиясына саясий ишмер Байтик баатырга жана Боз-Бөлтөк тоосундагы тарыхый-маданий мурас объектилерине байланыштуу комплекстүү илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Боз-Бөлтөк тоосу Аламүдүн районунун Байтик жана Таш-Дөбө, Сокулук районунун Орок айылдары чектешкен аймакта жайгашкан.

Көрүнүктүү саясий ишмер Байтик Канай уулунун (Байтик баатыр) 200 жылдык мааракеси былтыр белгиленген. Иш-чарага катышкан президент Садыр Жапаров "Байтик баатыр ар дайым эркиндикти туу туткандыгы менен өзгөчөлөнүп турган инсан. Доор добушун даана сезе билген көсөмдүгү жана элдик дипломатияны чебер пайдалана билгендиги менен Байтик баатыр элин бөөдө бүлүнүүдөн сактап калган" деп белгилеген.

Быйыл июнь айында "Азаттык" президенттин Боз-Бөлтөктөгү кум-шагыл казууну токтотуу, аны тарыхый-архитектуралык корукка айлантуу жөнүндөгү тапшырмасы аткарылбай жатканы боюнча иликтөөсүн жарыялаган. Май айында тоонун аймагында кум-шагыл казган ишканаларга каршы Кайырма, Байгелди, Арчалы айылынын отуздай тургуну чогулган. Маселе Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинде көтөрүлүп, өндүрүштүк ишканалар жергиликтүү тургундардын ден соолугуна зыян келтирип, “Кызыл китепке” кирген өсүмдүктөр жана жаныбарлар жок болуп, Байтик, Таш-Дөбө, Орок айылдарындагы жайыттар кыскарып жатканы айтылган.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматында, Боз-Бөлтөк тоосунун аймагында кум-шагыл, чопо казып алууга 14 компания лицензия алган. Баатырдын 200 жылдык мааракесинде президент аны тарыхый жер деп атагандан кийин ишканаларга байланыштуу жумушчу

тобу түзүлгөн. (RK/EBM)

XS
SM
MD
LG