Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:48

Дагестандагы жарылууда төрт өзбек жараны өлгөнү аныкталды


Махачкаладагы жарылуудан кийин тартылган сүрөт.
Махачкаладагы жарылуудан кийин тартылган сүрөт.

Дагестандын борбору Махачкалада 14-августта болгон жарылууда набыт болгон 35 кишини төртөө Өзбекстандын жарандары экени аныкталды. Бул тууралуу Дагестан Республикасынын башчысы Сергей Меликов трагедиядан бир апта өткөндөн кийин билдирди. Алардын тек-жайы айтыла элек. Ташкент азырынча комментарий берген жок.

14-августта Махачкаладагы май куюучу станциядагы өрт жана жарылуудан дагы 119 адам жараат алган. Ондогон имарат зыян тарткан. Кылмыш иши козголуп, окуя иликтенүүдө. Жарылууга агрохимикаттарды сактоо эрежеси бузулганы себеп экени болжолдонууда.

Дагестандын башчысы Сергей Меликов трагедияга "ач көздүк жана көзбоёмочулук" себеп болгонун айткан. Ал каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 миллион рубль (10 570 доллар) берилерин белгилеген.

XS
SM
MD
LG