Тоголок алтын кенин "Кумтөр Голд Компани" иштетет

Алмаз Барыктабасов.

Ысык-Көлдөгү Тоголок алтын кенин иштетүү үчүн лицензия “Кумтөр Голд Компани” ишканасына берилди. Бул тууралуу компаниянын президенти Алмаз Барыктабасов 22-августта “Биринчи радиодогу” маегинде айтты. Ал лицензия өткөн аптада алынганын жана чалгындоо иштери улантыларын билдирди.

“Кенде СССР убагында – 1979-1980-жылдары чалгындоо иштери болуптур. С1, С2 категориясы боюнча 17-18 тоннадай алтын бар”, - деди Барыктабасов.

Ал лицензия кандай шартта берилгени жана кен качан иштеп баштары тууралуу маалымат берген жок.

Тоголок алтын кени Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Жангарт суусунун сол жээгинде, деңиз деңгээлинен 3600–3900 метр бийиктикте жайгашкан. Кумтөргө жанаша жайгашкан кен 1978-жылы табылган.

Алтын кенин иштетүү тууралуу сөздөр 2021-жылы “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдинги түзүлгөндө эле айтыла баштаган. Холдинг кайра бир жылдан кийин эле жоюлган. (BTo)

Дагы караңыз

Орусия Москвада үч дрон атып түшүрүлгөнүн билдирдиБишкек мэриясы 80 миңден ашык “Тулпар” картасы сатылганын билдирдиПутин генерал Суровикинди кызматтан алганы айтылуудаБалкан өлкөлөрү Украинаны колдогон декларацияга кол коюшту