Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:50

Путин генерал Суровикинди кызматтан алганы айтылууда


Сергей Суровикин.
Сергей Суровикин.

Армиянын генералы Сергей Суровикин Орусиянын аскердик-космос күчтөрүнүн башчылыгынан алынган болушу мүмкүн. Бул тууралуу журналист Алексей Венедиктов (Юстиция министрлиги аны "тыңчы" деп тапкан) президенттин жашыруун токтомуна шилтеме берип билдирди. Венедиктовдун маалыматында Суровикин Коргоо министрлигинде иштей берет.

РБКнын "кырдаал менен тааныш" ишенимдүү булагы генералды кызматтан алуу анын башка ишке өткөнүнө байланыштуу болушу мүмкүн экенин билдирген. "Азыркы учурда ал эмгек өргүүсүндө жүрөт" деп тактаган басылманын маектеши.

Журналист Ксения Собчактын маалыматында, Суровикин 18-августта эле кызматтан алынган. Бирок документ ачык жарыяланган эмес. "Важные истории" басылмасынын журналисттери бул даталарда чыккан президенттин токтомдорунда чындап эле жылчык бар деп эсептешет.

17-августта "Орусиянын илимий-техникалык өнүгүүсүнө прогноз жасоону иштеп чыгуу жана түзөтүү киргизүү" деген №622 токтом, 18-августта "14 согуштук авиацияга ардактуу наам берүү" деген №624 токтом жарыяланган. Ортодогу №623 токтом эмне тууралуу экени белгисиз.

Генералдын кызматтан алынганын орус өкмөтүнө иштеген аскердик блогерлер дагы билдиришти. "Рыбарь" Суровикин июнь айында "Вагнердин" козголоңунан кийин эле иштен четтетилгенин жазды.

  • Сергей Суровикин Украинадагы согушта орусиялык армияны 2022-жылдын октябрынан 2023-жылдын январь айына чейин жетектеген. Мындан кийин Валерий Герасимов башында турган Башкы штабда орун басарлык кызматка барган. Суровикин 2017-жылдан бери аскердик-космос күчтөрүнүн жетекчиси болуп да иштеп келген.
  • Июнь айында "вагнерчилердин" козголоңунда Суровикин жалданма жоочуларды ордуна кайтууга чакырган. Ага чейин медиалар Суровкиндин "Вагнердин" жетекчиси Евгений Пригожин менен байланышы тууралуу кабарлашкан. Айрым маалыматтарда генерал козголоңдон кийин кармалган.

XS
SM
MD
LG