Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:58

Орусия Москвада үч дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди


Сергей Собянин дрон курулуп жаткан имаратка тийип, жанындагы эки көп кабаттуу үйдүн терезелерин талкалаганын айтты.
Сергей Собянин дрон курулуп жаткан имаратка тийип, жанындагы эки көп кабаттуу үйдүн терезелерин талкалаганын айтты.

Орусиянын Коргоо министрлиги жана Москва шаарынын мэри Сергей Собянин 23-августка караган түнү Москвага үч учкучсуз учуучу аппарат чабуул жасаганын билдирди. Министрликтин маалыматына ылайык, дрондорду абадан коргонуу күчтөрү жок кылган.

"Эки учкучсуз учак Москва облусунун Можайск жана Химки райондорунун аймагында жок кылынды. Үчүнчү дрон башкаруусун жоготуп, Moscow City комплексинин имаратына тийди", - деп айтылат билдирүүдө.

Сергей Собянин дрон курулуп жаткан имаратка тийип, жанындагы эки көп кабаттуу үйдүн терезелерин талкалаганын айтты. Москванын мэринин сөзү боюнча, жабыркагандар жок.

Дрон тийген имараттын алдында турган укук коргоо органдарынын кызматкерлери.
Дрон тийген имараттын алдында турган укук коргоо органдарынын кызматкерлери.

Орусиянын Коргоо министрлиги бул сокку үчүн Украинанын бийлигин айыптады. Украин тарап комментарий берген жок.

Орусиянын бийлиги бир нече аптадан бери Москвадан бир нече дрондорду атып түшүргөнүн билдирип, анын баарын Украинадан көрүп келет. Расмий Киев Орусиянын ичинде болгон окуяларга комментарий бербейт. (BTo)

XS
SM
MD
LG