Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:23

Балкан өлкөлөрү Украинаны колдогон декларацияга кол коюшту


Владимир Зеленский Евробиримдиктин жана Балкан өлкөлөрүнүн лидерлери менен Афиныда. 1-август, 2023-жыл.
Владимир Зеленский Евробиримдиктин жана Балкан өлкөлөрүнүн лидерлери менен Афиныда. 1-август, 2023-жыл.

Балкан жана бул аймакка жакын он өлкө Украинаны колдогон декларацияга кол коюшту. Кол коюу Афиныда өттү, бул шаарда учурда Украинанын президенти иш сапар менен жүрөт.

Өлкөлөр Украинанын аймагынан орусиялык аскерлерди толук чыгарууну сунуштаган Зеленскийдин "тынчтык формуласын" колдошту.

Декларацияга Сербиянын, Молдованын, Черногориянын, Румыниянын, Косовонун, Босния жана Герцоговинанын, Түндүк Македониянын, Болгария жана Грекиянын лидерлери кол коюшту. Бул учурда ал жерде Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жана Европа кеңешинин башчысы Шарль Мишель да болду.

Мамлекеттер "Украинанын президентинин БУУнун уставына ылайык тынчтык орнотуу аракетин бааларын жана ага колдоо көргөзөрүн" ырасташты.

  • Владимир Зеленский Грекияга 21-августта барган. Дүйшөмбүдө ал өлкөнүн премьер-министри Кириакос Мицотакис менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Жолугушуунун жыйынтыгында ал украиналык учкучтарды Дания менен Нидерланд бере турган F-16 согуштук учагын башкарууга үйрөтүү макулдашылганын билдирген.
  • Он пункттан турган Зеленскийдин тынчтык планы "тынчтык формуласы" деп аталат. Анда Москва менен сүйлөшүү Орусия басып алган аймактарды аннексияланган Крымга кошуп Киевге кайтарганда жана бардык аскерлерин Украинадан чыгарып кеткенде гана башталышы керектиги жазылган.

XS
SM
MD
LG