Орусиянын Коргоо министрлиги жана Москва шаарынын мэри Сергей Собянин 23-августка караган түнү Москвага үч учкучсуз учуучу аппарат чабуул жасаганын билдирди. Министрликтин маалыматына ылайык, дрондорду абадан коргонуу күчтөрү жок кылган.
"Эки учкучсуз учак Москва облусунун Можайск жана Химки райондорунун аймагында жок кылынды. Үчүнчү дрон башкаруусун жоготуп, Moscow City комплексинин имаратына тийди", - деп айтылат билдирүүдө.
Сергей Собянин дрон курулуп жаткан имаратка тийип, жанындагы эки көп кабаттуу үйдүн терезелерин талкалаганын айтты. Москванын мэринин сөзү боюнча, жабыркагандар жок.
Орусиянын Коргоо министрлиги бул сокку үчүн Украинанын бийлигин айыптады. Украин тарап комментарий берген жок.
Орусиянын бийлиги бир нече аптадан бери Москвадан бир нече дрондорду атып түшүргөнүн билдирип, анын баарын Украинадан көрүп келет. Расмий Киев Орусиянын ичинде болгон окуяларга комментарий бербейт. (BTo)
Дагы караңыз
Путин генерал Суровикинди кызматтан алганы айтылуудаБалкан өлкөлөрү Украинаны колдогон декларацияга кол коюштуТөрөбаев "Камбар-Ата 1" ГЭСинин курулушуна даярдык аяктап калганын билдирдиКыргыз-казак чек арасында кезекте турган айдоочуларга чатырлар тигилдиКазак чек ара кызматы “Ак-Тилектеги” кезек тууралуу түшүндүрмө берди