Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:32

Кыргыз-казак чек арасында кезекте турган айдоочуларга чатырлар тигилди


Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгү тараткан сүрөт.
Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгү тараткан сүрөт.

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде тыгында турган айдоочулар үчүн чатырлар тигилди. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгү 22-августта маалымдады.

“Айдоочуларга медициналык, психологиялык жана башка жардам көрсөтүү үчүн бардык шарттар түзүлүп, ысык тамак уюштурулган”, - деп айтылат билдирүүдө.

Өкүлчүлүк учурда тиешелүү мамлекеттик органдар жол кыймылынын, коомдук коопсуздукту сактоо иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын кабарлады.

Буга чейин Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы маалымат таратып, кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекетинде эч кандай чектөө жок экенин билдирди.

Анда чек арада мыйзамсыз иштерге каршы чаралар жүргүзүлүп жатканы айтылат.

Буга чейин Казакстандын каржы министри Ерулан Жамаубаев “ал жерде маңзат аныктоо боюнча операция жүргүзүлгөн, ушундан улам Чек ара кызматы менен Улуттук коопсуздук комитети тыкыр көзөмөл кылып жатат” деп маалымат берген.

Кыргыз тарап Казакстандын 22-августтагы расмий билдирүүсүнө комментарий бере элек.

Аталган бекетте жүк ташуучу автоунаалардын кезеги 20-августтан тартып узара баштаган. 22-августта алардын саны 500гө чукулдады.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, Казакстан буга чейин “Ак-Тилек” аркылуу бир саатта 14-15 машине өткөрсө, азыр 4-5 саатта бирден автоунааны өткөрүп жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG