Киев F-16 согуштук учактарын быйыл албай калышы мүмкүндүгүн билдирди

F-16 үлгүсүндөгү согуштук учактар, архивдик сүрөт.

Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн өкүлү Юрий Игнат Киев F-16 үлгүсүндөгү согуштук учактарын эмдиги жылы жазга чейин албашы мүмкүндүгүн айтты. Ал 16-августта телемарафондо сүйлөп жатып, мындай учактарга чоң үмүт артылганын, орусиялык ракеталардан коргонуунун, абадан коргонуунун бир бөлүгү болорун белгиледи. Ошол эле маалда украин учкучтарын мындай учактарды башкарууга үйрөтүү иштери илгерилегенин белгиледи.

Ушул жылдын июнь айында Украинанын коргоо министри Алексей Резников F-16 учактарын башкарууну үйрөтүүчү эл аралык программа жакын арада башталарын айткан.

Киев анда контрчабуулду баштап жаткан жана Москванын абадагы үстөмдүгүнө туруштук берүү үчүн Батыштын жаңы учактары зарыл экенин буга чейин бир нече ирет айткан.

НАТОнун мүчөлөрү Дания менен Нидерланд учкучтарды жана жардамчы кызматкерлерди окутуу, учактарды тейлөө жана F-16ны Украинага жеткирүү боюнча эл аралык коалициянын аракеттерин башкарып келет.

Европа Биримдигини тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел майда Киев F-16 учактарын колдоно баштаарын, учкучтар даярдыктан өтүп жатканын ырастаган.

General Dynamics F-16 Fighting Falcon — америкалык бир моторлуу, көп максаттуу кыргын салуучу согуш учагы. Же бомбалоочу, же кыргын салуучу болуп, бир гана милдетти аткара алган эски советтик учактардан F-16 универсалдуулугу менен айырмаланат. F-16 менен көптөгөн өлкөлөр куралданган: 2023-жылы дүйнө жүзүндө 2200гө жакын кыргын салуучу учактар колдонулуп турган.

Дагы караңыз

Сары-Жаз ГЭСтер каскадын Кытайдын ТВЕА компаниясы курат Өзбекстан: АКШга мыйзамсыз кетирүүнү убада кылган адам кармалды Европада Сорос фонддорунун программалары жабылатАкылбек Жапаров жумушчу сапар менен Шинжаңга барды