Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:41

Сары-Жаз ГЭСтер каскадын Кытайдын ТВЕА компаниясы курат


Акылбек Жапаров менен Ду Дэвэн Сары-Жаз ГЭСи курула турган жерлерди көрүп жаткан учуру.
Акылбек Жапаров менен Ду Дэвэн Сары-Жаз ГЭСи курула турган жерлерди көрүп жаткан учуру.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районундагы сапарында TBEA компаниясы менен Сары-Жаз дарыясына ГЭСтер каскадын жана "Кемин-Торугарт" жогорку чыңалуудагы электр линиясын куруу жөнүндө меморандумга кол койду. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Ушул айдын башында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвен Сары-Жазга барып, ГЭС курулчу жерлерди карап чыккан.

Өкмөттүн басма сөз кызматы анда инвестор изделип жатканын, Акылбек Жапаров Кытайга жумушчу сапар менен барганда ГЭС куруу жөнүндө жергиликтүү инвесторлор менен сүйлөшөрүн билдирген.

Ысык-Көл облусундагы Сары-Жаз суусуна 1100 МВт кубаттуулуктагы алты ГЭС куруу планы 1982-1987-жылдары иштелип чыккан. Эгемендик алган жылдары аны ишке ашыруу аракети мерчемделгени менен, ушул кезге чейин токтоп турган.

Сары-Жаз дарыясына ГЭС куруу жөнүндө буга чейин президент Садыр Жапаровдун жана Министрлер кабинетинин төрагасы Бакыт Төрөбаевдин Кытайга сапарларында сөз болгон.

Кытайлык ТВЕА компаниясы буга чейин Бишкектеги Жылуулук электр борборун оңдоп-түзөө долбоорун ишке ашырган. Андагы модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу кылмыш иши козголуп, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков баштаган бир катар жооптуу кызмат адамдарына айып тагылып, соттолгон.

XS
SM
MD
LG