Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:09

Акылбек Жапаров жумушчу сапар менен Шинжаңга барды


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 16-августта жумушчу сапар менен Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районуна барды. Өкмөттүн басма сөз кызматы анын аталган аймактын башчылары менен жолугуп, алака-катышты талкуулаарын жазды. А. Жапаров “Кытай-Евразия: товарлар жана соода-2023” деп аталган жарманкеге дагы катышат.

"Акылбек Жапаров ошондой эле Кытайдын алдыңкы корпорацияларынын жетекчилери менен жолугат, Үрүмчү шаарынын эркин экономикалык аймагына барат, кытайлык ишкерлер менен кездешип, Кыргыз-кытай бизнес форумуна катышат", - деп жазылган маалыматта.

Өткөн аптада тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэн менен жолугуп, кызматташтык маселелерин, анын ичинен эки өлкөнүн жетекчилеринин алдыдагы сапарларын талкуулаган. Анда ушул жылдын октябрь айында Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цяндын Кыргызстанга сапарлары даярдалып жатканы маалымдалган.

Кыргыз-кытай дипломатиялык мамилеси 1992-жылы негизделген. Эки мамлекеттин ортосундагы чек ара 858 чакырымды түзөт, ал такталып бүткөн. Кыргызстандын соңку эсептеги 5 миллиард долларга чукул тышкы карызынын орчундуу бөлүгү Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет.

XS
SM
MD
LG