Ошто кайгуул кызматынын башчысы кызматтан кетти

ЖКККБнын Оштогу бөлүмүнүн нааразылыкка чыккан кызматкерлери, 28-июль, 2023-жыл.

Ош шаардык Жол кайгуул кызматынын башчысы Айбек Жумагулов кызматынан кетти. Бул туралуу "Азаттыкка" ишенимдүү булактар билдирди. Анын айтымында, буга чейин нааразылыкка чыккан кызматкерлерге тартиптик чара көрүлгөн.

28-июлда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) Оштогу бөлүмүнүн 50дөй кызматкери мекеменин жетекчиси Айбек Жумагуловго нааразылык билдирип, милициянын кайгуул кызматынын алдына чыгышкан. Чогулгандар жетекчилик менен иштеше албай турганын айтып, Ички иштер министрлигине (ИИМ) жети пункттан турган кат жолдоп, министр Улан Ниязбековду бул ишке көңүл бурууга чакырышкан.

Министрликте буга байланыштуу комиссия түзүлүп, териштирүү иштерин баштаган.

Айбек Жумагулов бул кызматка май айынын этегинде дайындалган. Ошто милициянын кайгуул кызматынын 200дөн ашуун кызматкери бар.(DSh)

Дагы караңыз "Өкүл баланы иштен алыңыз". Жол кайгуулчулар министрге талап койду

Дагы караңыз

“Унаа” автотранспортторду каттоону онлайн режимде жүргүзөтЛенин округу боюнча БШКга арыз тапшыргандардын саны 31ге жеттиКыргыз тилиндеги берүүлөрү аз телеканалдар айыпка жыгылдыУкраинадан 9 миллиондой адам чыгып кетти