Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:59

Украинадан 9 миллиондой адам чыгып кетти


Прагадагы качкындар менен иштөө борбору. Январь, 2023
Прагадагы качкындар менен иштөө борбору. Январь, 2023

Согуш башталгандан бери 9 миллиондой киши Украинадан чыгып кетти. 6 миллиондон ашуун украиналык дагы эле чет мамлекеттерде. Алардын 2 миллионго жакыны мекенине кайтууну каалайт. Бул тууралуу Wall Street Journal (WSJ) басылмасы Бириккен Улуттар Уюмунун отчётуна таянып жазды.

БУУнун маалыматында айтылгандай, буга чейин 350 миңге жакын адам өлкөгө кайтып келген, бирок үйүнө бара алган эмес. Алар жер которгондордун катарында калган. Украинанын Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, "чыгып кеткен ар 100 миң киши өлкөнүн ички дүң өнүмүн (ИДП) 0,5 пайызга төмөндөтөт" деп жазды WSJ.

Кайтып келгендердин азыркы толкунун чет өлкөдөн туруктуу жумуш жана турак жай таба албагандар же жакын туугандарын өлкөдө калтырып кеткендер түзөт. Украинанын Экономика министрлиги алдыдагы 10 жылда экономиканы калыбына келтирүү үчүн 4,5 миллион кишилик жумуш орундарын түзүүгө ниеттенүүдө.

Батыш өлкөлөрү Украинанын экономикасын калыбына келтирүү үчүн чет өлкөдө эсеби жабылган орус активдерин пайдаланышы мүмкүн. Евробиримдик Киевге 300 миллиард доллар өлчөмүндө акча которуу схемасын иштеп чыгууну пландаштырууда. Бирок азырынча каражатты конфискациялоонун укуктук механизми табыла элек.

Эгер чет өлкөлөр эсеби жабылган орус активдерин Украинаны колдоо үчүн колдонууну чечсе, Москва муну ачыктан-ачык уурулук катары баалай турганын билдирген. Орусиянын президенти Евробиримдиктин сунуштарын эл аралык сооданын эрежелерин жана нормаларын бузуу катары баалаган.

XS
SM
MD
LG