Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:01

“Унаа” автотранспортторду каттоону онлайн режимде жүргүзөт


Бишкектеги автоунаа базары. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги автоунаа базары. Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) “Унаа” мамлекеттик мекемеси автотранспорт каражаттарын жана аларга менчик укуктарын онлайн режиминде кайра каттоону ишке ашыруу боюнча пилоттук долбоорун баштайт.

Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Сыноо мөөнөтү 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып 2024-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөт саналат. Долбоор ийгиликтүү жүзөгө ашса, мындай иш тартиби андан ары улантылат.

Онлайн кайра каттоо үчүн менчик ээси автотранспорт каражатын визуалдык кароодон өткөрүп, “Унаа” мамлекеттик мекемесинин бөлүмдөрүндө сүрөткө тартып алуу керек.

Автоунаанын кароодон өткөнү тууралуу маалымат электрондук базада 30 күн сакталат. Бул мөөнөт ичинде менчик ээси банктар жана “Түндүк” мамлекеттик порталы биргеликте иштеп чыккан тиешелүү тиркемелер менен электрондук санариптик кол тамга аркылуу онлайн түрдө кайра каттата алат.

Никеде турган киши транспорт каражатын кайра каттоо үчүн жубайы да макулдук бериши керек болгондуктан, ал дагы онлайн идентификациядан өтүшү керек.

Автотранспорт каражатын онлайн кайра каттоо жол кыймылынын эрежелерин бузганы үчүн ээсине берилген айыптар, туумдар, салыктар боюнча карызы жок учурларда гана жеткиликтүү болот.

2018-жылдын аягында Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаменти менен Маалыматтык кызматтардын адистештирилген борбору жоюлуп, анын базасында жаңы "Унаа" мамлекеттик мекемесин түзгөн.

Президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдын аягында "Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгына ылайык, "Унаа" мекемеси ИИМдин карамагына өткөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG