Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:09

Ленин округу боюнча БШКга арыз тапшыргандардын саны 31ге жетти


Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматында айтылгандай, Бишкектин Ленин округу боюнча кайра шайлоого катышуу үчүн арыз бергендердин саны 31ге жетти.

БШКга арыз тапшыргандардын көбү өзүн өзү көрсөткөн. Бүгүн, 10-август депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүүнүн акыркы күнү.

БШКнын соңку маалыматына ылайык, Айбек Субановдон арыз түшкөн. Мекеменин расмий сайтындагы маалыматта көсөтүлгөндөй, ал Германиянын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкери. Ага чейин мурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытов, журналист Лейла Саралаева депутаттыкка ат салышуу үчүн шайлоо комиссиясына кайрылган.

Аталган мекеме арыз тапшырган 31 кишинин алтоо талапкер каттары катталганын кабарлады.

БШКнын жумушчу тобу 2-августта ушул округдан депутат болгон, мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырган Жаныбек Абировдун кайра шайлоого катышуу арызын четке каккан.

Анда Абиров мандатын тапшырганы үчүн шайлоо өнөктүгү башталганын, ал башкалар шайланышы үчүн орун бошотуп бергендиктен кайра шайлоого катышпашы керектиги айтылган.

Абиров быйыл март айында өзү катышкан мушташтан улам мандатын тапшырган.

БШК Ленин округунда кайра шайлоону 10-сентябрга белгилеген. Бул кайра шайлоо болуп жаткандыктан, талапкерлерди көрсөтүү, каттоо жана үгүт өнөктүгүнүн мөөнөтү кыскарганын айткан.

Боршайком 28-майдагы шайлоонун жыйынтыгын 16-июнда жараксыз деп тапкан. Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо 35,86% добуш менен биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болуп келген Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болгон.

Эки талапкерге тең “шайлоочулардын добушун сатып алган” деген доомат айтылган.

Эгерде добушканага келгендердин 30% көбүнүн добушу жокко чыгарылса, анда шайлоо өткөн жок деп табылып, бир ай ичинде жаңы шайлоо дайындалат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG