Орусияда бир суткада ондон ашуун аскердик комиссариатты өрттөө аракети болду

Иллюстрациялык сүрөт.

31-июлда Орусиянын Санкт-Петербург, Казань, Омск, Калуга, Можайс, Подольск жана башка шаарларында аскердик комиссариаттардын имараттарын өрттөө аракети катталды.

"База" Телеграм-каналы жазгандай, кылмышка шектелип кармалгандардын баары аларды телефон аркылуу кайсы бир шылуундар бул ишке барууга мажбурлаганын айтышкан. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү аялдар болуп чыкты. Алардын бири да саясий талаптар тууралуу айтышкан эмес.

Калуга менен Казань шаарларында аскердик комиссариатты өрттөөгө 78 жана 62 жаштагы пенсионер аялдар аракет кылышкан. Ал эми Воронеж облусунда тарых мугалими кармалды.

Буга чейин "Медиазона" басылмасы жазгандай, Москва Украианга согуш ачканы Орусияда аскердик комиссариаттарды жана башка мамлекеттик мекемелерди өрттөө боюнча 113 жолу аракет көрүлгөн. Бул окуялары боюнча кылмыш иштери козголуп, жүздөн ашуун адам кармалган. Алардын 37си 19 жылга чейин түрмөгө кесилди.

Дагы караңыз

Иранда ысыктан улам эки күндүк дем алыш жарыяланды"Ай Кью" мектебинин бүтүрүүчүлөрүнө аттестат берилмей болду"Тез жардамда" иштегендердин маянасына байланыштуу түшүндүрмө берилди