Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:19

"Ай Кью" мектебинин бүтүрүүчүлөрүнө аттестат берилмей болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Токмоктогу “Ай-Кью” билим берүү комплексинин бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттарды тапшыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу 1-августта өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин аталган мектептин 11-классты бүткөн 84 окуучусу аттестат ала албай жатканы айтылып, бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери нааразылыгын билдирип чыккан. Билим берүү жана илим министрлиги бул жагдайга түшүндүрмө берип, мектеп күндүзгү жана сырттан окууга лицензия алып, бирок экстернат (бир жылда эки класс) боюнча тиешелүү документтери болбогонун айткан. Лицензия алуу тууралуу эки жолу арыз берилгенин, бирок талапка ылайык шарттары жок болгондуктан документ ала албаганын билдирген.

Министрдин ордун басары Токтобүбү Ашимбаева аталган мектеп былтыр дагы 19 бүтүрүүчүгө аттестатты мыйзамсыз бергенин, буга байланыштуу министрлик укук коргоо органдарына кайрылганын, эми юридикалык баа берилиши керектигин кошумчалаган.

Мектеп жетекчилиги тийиштүү документтер бар экенин билдирген менен министрлик аны көрө электигин айткан.

Министрлер кабинетинин төрагасы ушундай жагдайдын түзүлүшүнө жол берген жооптуу адамдарга карата чара көрүүнү тийиштүү мекемелерге жана укук коргоо органдарына тапшырды.

Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги аттестат ала албай жаткан 84 окуучуга мамлекеттик мектептерде 11-классты окуп бүтүүгө шарт түзүлө турганын билдирген. Маселени министрликтин алдында түзүлгөн комиссия иликтемей болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG