Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:47

Иранда ысыктан улам эки күндүк дем алыш жарыяланды


Тегеран, Иран. 5-июль, 2023-жыл.
Тегеран, Иран. 5-июль, 2023-жыл.

Иранда болуп көрбөгөндөй ысыктан улам эки күндүк дем алыш жарыяланды. Өкмөттүн маалымат катчысы Али Бахадори Жахроми билдиргендей, мамлекеттик мекемелерди, банктарды жана мектептерди 2-3-август күндөрү жабуу чечими Саламаттык сактоо министрлигинин эскертүүсүнөн кийин кабыл алынган. Бул тууралуу мамлекеттик ИРНА агенттиги жазды.

Соңку күндөрү Иранда абанын температурасы 40 градуска чейин жетүүдө. 1-августта башкалаа Тегеранда 38 градус ысык катталды.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш 27-июлда өткөргөн маалымат жыйында глобалдык жылуулук доору аяктап, "глобалдык кайноо" доору башталганын билдирген.

Ал эми Эл аралык метеорологиялык уюм жана Климаттын өзгөрүүсүнө байкоо салган Европа комиссиясынын Copernicus кызматы 2023-жылдын июль айы метеобайкоо жүргүзүлө баштагандан берки тарыхтагы эң ысык ай болуп каларын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG