Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:10

"Тез жардамда" иштегендердин маянасына байланыштуу түшүндүрмө берилди


Кыргызстандын Тез жардам борборунун бригадаларынын бири кызматтык транспортунда. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын Тез жардам борборунун бригадаларынын бири кызматтык транспортунда. Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек шаарындагы Тез жардам борборунун кызматкерлери нааразылык акциясына байланыштуу маалымат таратып, алардын маянасы боюнча жагдайга түшүндүрмө берди.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, министр Гүлнара Баатырова 1-августта атайын кеңешме өткөрүп, борбордун жетекчилигинин, министрликтин Каржы башкармалыгынын жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун өкүлдөрүнүн маалыматын укту.

Тез жардам борборунун директору Искендер Шаяхметов кызматкерлер кепилденген айлыгын алып жатканын, кошумча эмгек акыларды үнөмдөөдөн ашкан акчанын коэффициентин да алып жатканын тактады.

Ал жайкы мезгилде кошумча төлөмдөр азайып кетерин, жумуштагы сааттар аз болсо, акча да азыраак чыгып каларын кошумчалады.

“Кызматкерлерге эмгек акыны төлөөнү текшерүү учурунда борбордун айрым кызматкерлеринин айлыгы 25 миң сомдон 11 миң сомго чейин төмөндөп кеткени такталган жок. Маалыматтарды тыкыр текшерүү учурунда кызматкерлерге маяна толук өлчөмдө берилгени аныкталды. Болгону фельдшерлердин бири айлык кезметин толук аткарбаганы үчүн гана маянасы азыраак чыккан. Ал адис толук иштесе, кадимкидей эле 25 миң сом айлык алат”, – деген Искендер Шаяхметов аталган кеңешмеде.

Министр Гүлнара Баатырова Каржы башкармалыгына жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна тез жардам кызматына эмгек акыларды төлөө маселесин карап чыгууну тапшырды. Ал дарыгерлерге маяна берүүдө тынымсыз аудит жүргүзүп, катачылыктарга жол бербөөнү талап кылганы расмий маалыматта айтылат.

Министрликтин артынан Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду да маалымат таратып, Кыргызстанда 776 Тез жардам бригадасы бар экенин кабарлады. Фонд бул кызматка жылына 500 миллион сомдон ашык каражат бөлүнөрүн, анын 176 миллиону Бишкектеги борборго туура келерин да билдирди.

1-августта Бишкектеги Тез жардам борборунун кызматкерлери Саламаттык сактоо министрлигинин алдында нааразылык акциясын өткөрүп, маянасы азайып кеткенине даттанган. Алардын бири "үч жыл мурда 25 миң сом алганын, июлдун жыйынтыгында 11 миң сом маяна колуна тийгенин" айтып чыккан. Он чакты кызматкер министрликтин өкүлдөрүнүн түшүндүрмөсүнөн кийин кайра тарап кеткен.

Улуттук статистика комитетинин эсебинде, саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө тармагынын кызматкерлеринин орточо айлыгы 2023-жылдын май айынын жыйынтыгында 21 302 сомду түздү. Тиешелүү айга салыштырганда, бул сумма 2020-жылы 10 614 сом, 2021-жылы 11 341 сом, 2022-жылы 20 789 сом болчу. (ErN)

XS
SM
MD
LG