Кытайдын борбору Бээжиндин айланасындагы тоолордо жааган жамгырдан улам катуу сел жүрүп, кеминде 11 киши мерт болду.
Отуздай киши дайынсыз болууда. Бул тууралуу AP агенттиги Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттарына таянуу менен жазды.
CCTV телеканалы кабарлагандай, суу ташкындан улам бийлик темир жолдорду жаап, кырсык катталган райондордон тургундарды эвакуация кылып жатат. Кеминде 50 миңдей адам коопсуз аймакка чыгарылышы керек.
Катуу жаандан улам шаардын бир топ райондорун суу каптады. Жолдор жабылып, жүздөгөн автоунаалар сел астында калды.
Маалыматтарда айтылгандай, мелүүн жана кургак климат өкүм сүргөн Бээжинде суу ташкыны адаттан тыш көрүнүш болуп жатат.
Кытайдын Бээжин жана башка шаарларындагы бир нече күндөн берки катуу жаан-чачынды "Доксури" тайфуну жаратты. Июлдун аягында ушул эле тайфундун айынан Филиппинде жана Тайванда жамгыр күчөп, суу ташкындары катталган. Филиппинде миңдеген жарандар үйсүз калып, ондогон адамдар каза болду. (ErN)
Дагы караңыз
Кыргызстанда күйүүчү май бир айда эки-үч сомго кымбаттадыКеминдеги майнинг компания электрди Казакстандан алууну сунуштоодоОшто 70тей кишини алдаган жарандар кармалды