Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:44

Ошто 70тей кишини алдаган жарандар кармалды


Үй алып берүү убадасы менен жарандарды алдоого шек саналып кармалгандар. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тараткан сүрөт.
Үй алып берүү убадасы менен жарандарды алдоого шек саналып кармалгандар. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тараткан сүрөт.

Ошто жана Баткенде турак жайга муктаж адамдардын тобун “араб фондунан үй алып беребиз” деген убада менен алдап, акчасын алууга шек саналган үч киши кармалды. Бул тууралуу 1-августта Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, кеминде 74 адам милицияга арыз жазып, аталган жарандардан жабыркаганын билдирген. Жабырлануучулардын арты 350 миң сомун, алды 11 миллион сомун алдатып жиберген. Жалпы келтирилген чыгым 75 миллион сомдон ашкан.

Жабыркаган жарандардын көпчүлүгү Ош шаарынын, Ош жана Баткен облустарынын тургундары. Алдамчылар аларды Ош шаарындагы өздөрү ижарага алган жерлерге алып кирип, көп кабаттуу үйдөн батир, дүкөн жана жер үй убада кылышкан. Алар кыймылсыз мүлктөрдү араб өлкөлөрү каржылаган фонддон жеңилдетилген шарт менен алып беришерин айтып, алдашкан.

Алдамчылыкка шек саналып кармалган жарандар 39 (Н.К.), 38 (С.Г.) жана 28 (М.А) жаштагы жарандар. Милициядан билдиришкендей, алардын үчөөнү тең Ош шаардык соту 26-июлда үй камагына чыгарды. Учурда алардын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси – “алдамчылык” боюнча тергөө иштери уланууда.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы аталган топтон жабыркагандардын саны дагы өсүшү мүмкүн экенин кабарлап, алданып калгандардан мекемеге арыз менен кайрылууну суранган.

Буга чейин “Азаттыкка” ондогон жарандар кайрылып, “Араб фондунан үй алып берүүнү” убада кылган жарандарга алданып калышканына даттанышкан. Радиого кайрылгандар да жабыркагандардын саны көп экенин билдирген. (ErN)

XS
SM
MD
LG