Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:47

Кеминдеги майнинг компания электрди Казакстандан алууну сунуштоодо


"Азаттыктын" Кеминдеги майнинг ферма боюнча материалына колдонулган иллюстрация.
"Азаттыктын" Кеминдеги майнинг ферма боюнча материалына колдонулган иллюстрация.

Кыргызстандын энергетика министрлигинин алкагында криптовалюта чыгара турган эки гана майнинг компания (Кеминдеги “Соларкоин” жана "Камбар-Ата-2" ГЭСиндеги "МБТ Строй" компаниялары) менен келишим түзүлгөн. Эми анын бири 1-августтан тартып электр кубатын Казакстандан алмакчы.

Министр Таалайбек Ибраев "Азаттыкка" айткандай, 1-августтан тартып "Соларкоин" компаниясы электр кубатын Казакстандан алууга ниеттенген келишимди сунуштаган. Эми мындан ары Кыргызстандын энергетика тармагы мурдагы 5 сом 4 тыйындын ордуна транзит үчүн 23 тыйындан гана каражат алат.

Министрдин маалыматы боюнча бул эки компаниядан башка энергетика министрлиги башка майнинг компаниялар менен келишим түзгөн эмес, ал эми Балыкчыдагы крипто ферма электрди жеке ишкер Рахат Рысалиевдин чакан ГЭСинен алууда. Ошону менен бирге Таалайбек Ибраев Таш-Көмүр шаарындагы "Кристал" заводунда курулган майнинг компанияга мамлекет эч убакта бир да киловатт саат электр кубатын сатпаганын кошумчалады.

Буга чейин "Азаттык" "Кеминдеги майнинг компания кимдики?" деген ат менен өз иликтөөсүн чыгарган болчу. Анда “Соларкоин” мамлекет өндүргөн энергиядан 30 МВт электр кубатын ала турганы, компаниянын ээлери "НБТС КейДжи" фирмасы, Люй Цзиньчэн жана Татьяна Мартынова экени, директору катары Айсана Исмаилова көрсөтүлгөнү аныкталган. Иликтөөгө президент Садыр Жапаров жооп берип, жаз-жай мезгилиндеги ашыкча электрди киловаттын 5 сом 4 тыйындан сатып, андан электр тармагы миллиондогон каражат тапканын билдирген.

"Камбар-Ата-2" ГЭСиндеги "МБТ Строй" компаниясы боюнча буга чейин "Клооп" булагы иликтөө жүргүзүп, аталган компания 2022-жылы июлда Кыргызстандын жарандыгын алган орусиялык ири ишкер Алексей Зайцевге таандык экенин жазган. Ошондой эле иликтөөчүлөр инвестор аталган “МБТ Строй” Бакиевдерге байланыштуу компания экенин жазып чыгышкан.

XS
SM
MD
LG