Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:50

Кыргызстанда күйүүчү май бир айда эки-үч сомго кымбаттады


Кыргызстандагы күйүүчү май куюучу жайлардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы күйүүчү май куюучу жайлардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда күйүүчү майдын дээрлик бардык түрлөрү бир ай мурдагы баага салыштырмалуу кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.

Мекеменин күнүмдүк мониторингинде келтирилгендей, 31-июлда А-95 үлгүсүндөгү бензин орточо 64,96 сомдон сатылды. 30-июнда анын орточо баасы 62,08 сом болчу. А-92 үлгүсүндөгү бензин бир айда 56,71 сомдон 58,23 сомго, А-80 үлгүсүндөгү бензиндин баасы бир айда 52,05 сомдон 52,92 сомго көтөрүлдү.

Дизел отунунун баасы июндун аягында орточо 70,68 сомдон болуп турса, июль айынын аягында 70,42 сом болду. Ушу тапта майдын наркы айрым жерлерде 72 сомго чейин жетүүдө.

Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы июнь айында билдирүү таратып, өлкөдө бензиндин бир литри 2,5-3 сомго чейин кымбаттай турганын маалымдаган. Ишкерлердин уюму мунун себебин дүйнөлүк рынокто мунай баасы кымбаттап баратканы менен түшүндүргөн. Соңку бир айда эл аралык биржаларда мунайдын Brent үлгүсү 75-77 доллардан 80-85 долларга чейин көтөрүлгөн.

Нефтетрейдерлер ассоциациясы Украинадагы согушка байланыштуу Батыштын Москвага салган санкцияларынан кийин Орусияда мунай казуу төмөндөгөнүн, бул мунайзаттардын кыскарышын шарттап, заводдордо анын баасынын көтөрүлүшүнө алып келгенин билдирген. Кыргызстандагы соңку мезгилдеги кымбаттоолордун себеби ушул жагдай менен да байланыштырылып жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG