Чүй облусундагы Аламүдүн суусуна агып кеткен, бир жумадан ашык убактын бери изделип жаткан бир жашар кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Ага ылайык, наристенин сөөгү кырсык болгон жерден эки чакырым алыс, дарыянын "Таштар-Ата" дачасынын аймагынан табылган.
Кырсык 18-июлда катталган, бир жашар кызы сууга аккан келин аны куткарам деп өзү дагы чөгүп кеткен.
Аталган министрликтин билдиришинче, ушул жылдын июнь айынан бери 55 киши сууга чөгүп мерт болду. Алардын 21и балдар. Былтыр ушул маалда 48 өлүм катталган, быйыл сууга чөгүп көз жумгандардын саны 18% өстү.
Буга чейин аталган министрлик өлкөдө сууга чөгүп каза тапкан учурлар көбөйүп жатканын билдирген. Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда жыл башынан бери 60тан ашык адам сууга чөгүп каза болду. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу бери дегенде 25% көбөйдү.
Ага чейин Ички иштер министрлиги (ИИМ) соңку алты айда 60тан ашуун жаш бала, өспүрүм сууга чөгүп каза болгонун, ошондуктан милиция коопсуздук чараларын күчөткөнүн кабарлаган.
ӨКМдин маалыматына ылайык, былтыр 85 адам сууга чөгүп каза болгон. Мындай кырсыктардын басымдуу көпчүлүгү жайкы эс алуу мезгилинде Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарында катталган. Каза болгондордун 28и - он эки жашка чейинки балдар.
Дагы караңыз
Бир катар тажик банктары "Юнистрим" аркылуу акча которууну чектеди Орусия Путинди камакка алуу ордерин чыгарган судьяга издөө жарыялады Нигер: аскерлер президент бийликтен четтетилгенин жарыялаштыУран калдыктар маселеси: "Росатомдун" өкүлдөрү Жумгалда болду Италиянын Сенаты Голодоморду украин элинин геноциди деп тааныды ИИМ: Чүйдө баңгизат лабораториясы табылып, үч адам кармалды Кытай дарыгерлери 600 адамдын көзүнө акысыз операция жасайт