Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:03

ИИМ: Чүйдө баңгизат лабораториясы табылып, үч адам кармалды


ИИМ тараткан сүрөт
ИИМ тараткан сүрөт

Ички иштер министрлиги (ИИМ) узакка созулган операциянын негизинде Чүй облусунда синтетикалык баңгизат даярдоочу лаборатория табылганын билдирди. Анда бул операцияга Казакстандын атайын кызматынын өкүлдөрү дагы катышканы айтылат.

Анын негизинде алгач 20 жаштагы эки адам кармалып, алардын машинасынан 12 килограммга жакын 47 таңгактагы "мефедрон" заты табылган.

Кармалган жарандардын үйүн тинткенде, баңгизат лабораториясы бар экени аныкталып, психотроптук заттарды өндүрүүгө керектүү эки тоннадан ашык прекурсорлор жана башка буюмдар алынган. Кийинчерээк бул лабораториянын жетекчиси катары Бишкек шаарында 28 жаштагы бир жаран колго түшкөн.

"Ал өндүрүш процессин башкарып, мобилдик мессенджер аркылуу чет элдик кураторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, каржы эсебин чыгарып турган. Ал бир жуманын ичинде баңгизат лаборатория 40 килограммга чейин психотроптук каражатты өндүрүп турганын айтып берген. Кармалгандар Бишкекте жана Чүйдө баңгизаттарды аз өлчөмдө жашыруун жерлерге бекитип кетүү менен алектенген. Баңгизат лабораториясын каржылоо криптовалюта менен жүргүзүлгөн. Бул узакка созулган атайын операциянын жүрүшүндө 30 килограммдан ашык психотроптук зат жана эки тоннадан ашык прекурсор табылып алынган. Кармалгандардын жана башка белгисиз адамдардын мыйзамсыз кирешеси 165 миллион сомду түзүшү мүмкүн", - деп жазылган маалыматта.

ИИМдин маалыматына ылайык, былтыр 230 килограммдан ашык психотроптук заттар алынып, онго жакын баңгизат лабораториясынын иши токтотулган.

XS
SM
MD
LG