Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:32

Кытай дарыгерлери 600 адамдын көзүнө акысыз операция жасайт


Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэн.
Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэн.

Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова 26-июлда Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэн менен жолукту. Министрликтин маалымат кызматынын билдиришинче, анда өз ара кызматташуу маселелери талкууланды. Сентябрь айында Бишкек менен Ош шаарларында кытай дарыгерлери 600 адамдын көзүнө акысыз операция жасай турганы айтылды.

"Элчи айым Кытайдын Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Эл аралык кызматташтык борборунун “Экспресс ден соолук” долбоору тууралуу маалымат берди. Анын алкагында катаракта илдетине чалдыккан 600 кыргызстандык жаранга бекер операция жасалат. Бишкекте 300, Ошто дагы 300 операция жасоо пландалууда. Операциялар Улуттук госпиталдын жана Ош облустар аралык бириккен ооруканасынын базасында жүргүзүлөт", - деп жазылган маалыматта.

Катаракта - бул чечекейдин толук же жарым-жартылай тунарышы. Бул дарт тубаса же кийин пайда болушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG