Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:30

Нигер: аскерлер президент бийликтен четтетилгенин жарыялашты


Козголоңчулардын өкүлү генерал-полковник Амаду Абдурахман улуттук телеканал аркылуу билдирүү жасады.
Козголоңчулардын өкүлү генерал-полковник Амаду Абдурахман улуттук телеканал аркылуу билдирүү жасады.

Нигер мамлекетинде аскерлер тобу өлкө президенти Мухамед Базум бийликтен четтетилгенин билдиришти.

Козголоңчулардын өкүлү генерал-полковник Амаду Абдурахман улуттук телеканалда билдирүү жасап, өлкөгө коменданттык саат киргизилгенин, чек аралар жабылганын айтты. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады.

Мунун алдында президентке караштуу гвардия Базумду резиденциясынан чыгарбай камап турганы белгилүү болгон. Башында президенттин кеңсеси козголоңчуларды армия дагы, Улуттук гвардия дагы колдобогонун билдирген, бирок көп өтпөй эле Базум бийликтен четтетилгени тууралуу маалымат чыккан.

Бенин мамлекетинин башчысы Патрис Талон кырдаалды жөнгө салууга ортомчулук кылуу үчүн Нигерге келгени кабарланды.

Базумду резиденциясында камалып турган маалда ага АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гутерриш чалып, колдоосун билдирген.

Jeune Afrique басылмасы өз булактарына таянып, козголоңго буга чейинки бийликтин тушунан бери президенттик гвардиянын командири болуп турган генерал Омар Чианини иштен алуу себеп болушу ыктымалдыгын жазды.

Бул Мухаммад Базум бийликте турган кездеги экинчи жолку төңкөрүш аракети. 2021-жылдын мартында аскер бөлүктөрүнүн бири президенттик сарайды басып алууну көздөгөн. Окуя Базумдун ант берүү аземине бир нече күн калганда болгон.

Нигер - Батыш Африкадагы Франциянын мурдагы колониясы. Өлкө жаратылыш ресурстарына бай жана урандын дүйнөлүк запасынын 7% бул мамлекетте жайгашкан.

XS
SM
MD
LG