Орусиянын Ички иштер министрлиги президент Владимир Путин менен балдар омбудсмени Мария Львова-Белованы камоо ордерин берген Эл аралык кылмыш сотунун судьясы Томоко Аканэге издөө жарыялады. Бул тууралуу ТАСС агенттиги ИИМдин издөө базасына шилтеме кылып жазды.
Аканэ кайсы берененин негизинде изделип жатканы көрсөтүлгөн эмес. Ушул жылдын март айында Орусиянын Тергөө комитети ал баштаган үч судьяга жана Эл аралык кылмыш сотунун прокурору Карим Ахмад Ханга кылмыш ишин козгогон. Москва май айында прокурор Ханга издөө жарыялаган.
Ушул жылдын март айында Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Путин менен Львова-Белованы камоо жөнүндө ордер чыгарган. Аларга негизинен украиналык балдарды Орусиянын аймагына мажбурлап алып кеткенине байланыштуу айып коюлган.
Буга чейин Украина согуш маалында Орусия 20 миңдей жашы жетек элек баланы чыгарып кеткен болушу ыктымал экенин айткан. Йель университетинин гуманитардык лабораториясы алты миңдей бала журт которгонун билдирген.
Украинанын Орусия оккупациялап алган аймактарынан балдар сыртка чыгарылганын эл аралык укук геноцидге теңейт.
Орусия 2016-жылдан бери Рим статутуна кошулбагандыктан, Гаага сотунун юрисдикциясын тааныбайт.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова соттун чечимин Москва тааныбай турганын билдирген. АКШ, Европа өлкөлөрү Гаага сотунун чечимин кубаттаган.
Дагы караңыз
Нигер: аскерлер президент бийликтен четтетилгенин жарыялаштыОрусиянын Одессадагы портко жасаган чабуулунан бир адам набыт болдуИталиянын Сенаты Голодоморду украин элинин геноциди деп тааныды ИИМ: Чүйдө баңгизат лабораториясы табылып, үч адам кармалды Кытай дарыгерлери 600 адамдын көзүнө акысыз операция жасайт Уран калдыктар маселеси: "Росатомдун" өкүлдөрү Жумгалда болду