Аба ырайы: күн ысык болот

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызгидромет кызматы кабарлагандай, 25-июлда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Баткен, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 19…24, күндүз 34…39;

Таласта түнкүсүн 17…22, күндүз 32…37;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 22…27, күндүз 34…39;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 15...20, күндүз 29…34;

Нарын облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 29…34;

Бийик тоолуу райондордо -1…+4, күндүз 13…18° болот.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 21…23°, күндүз 37…39° болот.

Дагы караңыз

Кытайда мектептин чатыры ураганда каза тапкандардын саны 11 кишиге жеттиМолдо Нияздын чыгармасы алгачкы жолу түрк тилинде жарык көрдүЖапаров "коррупция" беренеси менен камалган иниси жөнүндө үн катты Президент Жапаров Кутманованын уулу Стамбулда уурдалбаганын айтты Украина: Донецкиде согушка тартылган өзбекстандык жарандар кездешетСадыр Жапаров кыргыз тил мыйзамы тууралуу Лавровдун сынына жооп берди