Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:55

Кытайда мектептин чатыры ураганда каза тапкандардын саны 11 кишиге жетти


Чатыр ураган жердеги куткаруу иштери. 24-июль, 2023-жыл
Чатыр ураган жердеги куткаруу иштери. 24-июль, 2023-жыл

Кытайдын Цицикар шаарында мектептин чатыры ураганда каза тапкандардын саны 11 кишиге жетти. Жекшембиде Хэйлунцзян провинциясында болгон кырсыктын себеби азырынча аныктала элек. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, дүйшөмбү күнү урандынын астынан дагы бир кишинин сөөгү табылды.

Шаардын куткаруу кызматынын маалыматына ылайык, ошол маалда имаратта 19 киши бар болчу. Канчасы окуучу экении расмий маалыматта айтылган эмес. 4 киши чыгып кетүүгө үлгүргөн, 15 киши камалып калган.

Алдын ала иликтөө курулушчулар гимназиягы туташкан окуу корпусунун чатырына перлит деген материалды мыйзамсыз төшөп койгонун көрсөттү. Жаан чачын болгондо ал сууну сиңирип алып оор болуп калгандыктан, чатыр урап кеткен.

"Рейтерс" агенттиги кабарлагандай, курулуш компаниясынын жетекчилери кармалды.

XS
SM
MD
LG