Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:54

Украина: Донецкиде согушка тартылган өзбекстандык жарандар кездешет


Горловка шаары. Архивдик сүрөт
Горловка шаары. Архивдик сүрөт

Украинанын Донецк облусундагы оккупацияланган Горловка шаарында орусиялык күчтөрдүн катарында Өзбекстандын жарандары кездешет. Бул тууралуу украин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын маалыматында айтылганын "Озодлик" радиосу жазды.

"Ал адамдар Мариуполго курулушта иштөө үчүн келген. Алардын паспортторун алып коюп, оккупациялык күчтөрдүн катарына ыктыярчы кылып алышкан", - деп айтылат маалыматта.

Gazeta.uz Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигине кайрылганда, мекемедеги булак бул кабарды текшерип жатышканын билдирди.

Быйыл мартта Өзбекстандын Коопсуздук кызматы Орусиянын түмөсүндө отурган Каракалпакстандын тургуну Украинада каза тапканы кабарланган. Маалыматта айтылгандай, маркум Украинанын оккупацияланган аймагына курулуш иштерине тартылган да, ошол жерде дүрмөт тийип мерт кеткен.

Майдын этегинде өзбек атайын кызматы Орусияда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан өзбекстандык жаран согушка мобилизацияланып набыт болгонун билдирген. Анын апасы уулу курал кармап көрбөгөнүн айткан.

Июнь айында Би-би-си Орусиянын абактарында отурган Борбор Азиянын жарандары кантип согушка тартылып жатканын иликтеп чыкты. Ошол маалыматка ылайык, жалданган 93 киши каза тапса, алардын 34ү өзбекстандык болчу.

Орусияда "Вагнер" менчик аскердик компаниясына абактагы кыргыз жарандары азгырылган учурлар да бар.

Буга чейин орус түрмөлөрүнөн Украинадагы согушка тартылган он кыргызстандык каза болгону аныкталган эле.

XS
SM
MD
LG