Транс-Ооган темир жолу: сүйлөшүүнүн акыркы айлампасы башталды

Иллюстрация

Ташкентте Өзбекстан, Пакистан жана "Талибан" башкарган Ооганстандын ортосунда Транс-Ооган темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн акыркы айлампасы башталды.

Бул тууралуу "Өзбекстан темир жолдору" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар каражат тартуунун механизмин, курулуш, техникалык маселелерди жана долбоорду ишке ашыруунун мөөнөтүн талкуулашууда.

Транс-Ооган темир жолунун курулуш долбоору 2018-жылы жарыяланып, иш 2021-жылдын сентябрында башталышы керек болчу. Бирок Ооганстанда бийликти талибдер басып алгандан кийин аны жүзөгө ашыруу кечеңдеген.

2022-жылы июлда Өзбекстан, Пакистан жана Ооганстан "Термез-Пешовар" транс-ооган темир жолун куруу иштери баштаганы маалымдалган.

“Мазари-Шариф-Кабул-Пешавар” темир жолун куруу долбоорунун сметалык баасы 5 миллиард долларды түзгөн. 2022-жылы декабрда “Пакистан темир жолунун” катчысы Зафар Ранжа долбоордун жаңы сметалык баасы 8,2 миллиард доллар болгону тууралуу билдирүү тараткан.

Дээрлик 600 чакырымдык темир жол салынса, Өзбекстан менен чөлкөмдөгү өлкөлөр Пакистандын деңиз портторуна чыга алышат.

Дагы караңыз

Россельхознадзор Кыргызстандын сүт завод, балык чарбаларын онлайн текшерет Түндүк-түштүк кошумча жолунун 159-183-чакырымы курулуп бүттү Акылбек Жапаров коңшу өлкөнүн чек аралаш аймак башчылары менен жолукту