Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:53

Россельхознадзор Кыргызстандын сүт завод, балык чарбаларын онлайн текшерет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Россельхознадзор ишканасы Кыргызстандагы сүттү кайра иштетүүчү төрт ишкананы жана беш балык чарбасын онлайн текшерет. Бул тууралуу Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги кабарлады. Анда 20-июндан тартып "Ак-Булак Плюс", "Ак-Жалга", "Жайыл Милк", "Ала-Тоо сүт" ишканалары сүт азыктарын Орусияга экспорттой баштаганы белгиленген.

Аталган министрликтин маалыматына караганда, ушул жылдын алты айында жалпысынан 35 тоннага жакын сүт азыктары экспорттолгон. Анын басымдуу бөлүгү Казакстанга жөнөтүлгөн жана ушул тушта экспортту көбөйтүү тууралуу Өзбекстан менен иштер жүрүп жатат.

"Алты айда Орусияга 1589,3 тонна, Казакстанга 32949,9 тонна, Өзбекстанга 416 тонна, АКШга 24,0 тонна жөнөтүлдү. Бүгүнкү күндө Өзбекстандын бирдиктүү реестрине каттоо үчүн Кыргызстандын 75 ишканасы берилип, 36 ишкана каттоодон өттү, анын ичинен 13 сүттү кайра иштетүүчү ишканалар өз продукцияларын экспорттоодо. Былтыр 36,5 тоннага жакын сүт азыктары сыртка чыгарылган", - деп жазылган маалыматта.

Өткөн айда Орусия Кыргызстандын балык жана сүт азыктарына киргизген чектөөлөрүн жойгон.

Россельхознадзор мекемеси быйыл 21-апрелден тартып Кыргызстандан сүт азыктарын ташып келүүгө тыюу салган. Расмий маалыматта мындай чечим сүт фермалары жана сүт чогулткан жайлар текшерилгенден кийин кабыл алынганы жазылган.

Февраль айында Россельхознадзор кыргыз балыктарынан зыяндуу заттар табылганын кабарлаган. Айрым талдоочулар орусиялык мекемелердин удаалаш билдирүүлөрүн атайын жасалган экономикалык тоскоолдук деп мүнөздөшкөн.

Россельхознадзор ошондой эле кыргызстандык "Тойбосс" компаниясынын колбасасынан чочконун ДНКсы табылганын билдирип, Кыргызстандын ветеринардык көзөмөл кызматтарынын ишин чабал деп баалаган. Адал азыктарды чыгарганын билдирген "Тойбосс" компаниясы дооматты четке каккан.

XS
SM
MD
LG