"Кумтөр" компаниясы 2023-жылдын биринчи кварталында 36,9 миллион доллар таза киреше тапканын билдирди. Жакын арада алты айдын ичинде жасалаган иши тууралуу толук отчет берилерин кабарлады.
Аталган компания өткөн айда быйыл биринчи кварталда өсүш көрсөтүп, 2,4 тонна алтын сатканын маалымдаган. Анда жалпысынан 80 511 унций, же 2,5 миң килограмм алтын өндүргөнү белгилүү болгон.
Былтыр Кумтөр бул маалда 66 474 унций, же 2,1 тонна алтын казган, салыштырмалуу өсүш 21,1% түздү.
Өндүрүштүн өсүшү биринчи кезекте казылып жаткан рудадагы алтындын көптүгүнүн эсебинен камсыздалууда. Эгер былтыр заводго жеткирилген рудадагы алтындын орточо камтылышы тоннасына 2,27 грамм болсо, быйыл анын орточо курамы 2,34 граммга барабар болууда.
Ошентип быйыл 3 айда "Кумтөр голд" компаниясы 77 547 унций, же 2 миң 412 килограмм алтын сатты. Былтыр бул маалда 1 миң 962 кг алтын сатылган (63 077 унций).
Алтын сатуудан алгачкы кварталда компания 146,7 млн. доллар тапкан (былтыркы 3 айдагы киреше 119,9 млн. доллар болгон).
Канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен бирге башкарып келген кенди Кыргыз Республикасы өз карамагына 2021-жылдын май айында алып, 2022-жылдын апрелинде “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн.
Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага жараша Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26% өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан.
Кумтөр - Кыргызстандагы эң ири алтын кен. 1997-жылдан бери алтын казылууда. Айрым маалыматтар боюнча 2022-жылдын 30-июнуна чейин кенден 13,8 млн. унций, же 430 тоннадан ашык алтын өндүрүлгөн.
Дагы караңыз
Краснодарда мобилизациялоо бөлүмүнүн башчысынын орун басарын атып кетиштиОрусия Киев шаарына "Шахед" дрондору менен чабуул жасады Улан-Батордо Кыргызстандын элчилиги ачылдыЭрдоган Швециянын НАТОго кирүү арызын колдоду Министрлик аптапта оор жүк ташууга чектөө киргизилгенин эскертти Төө-Ашууда узак мөөнөттөгү убактылуу чектөө келерки аптада киргизилет