Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Швециянын НАТОго кошулуу арызын колдоого макул болду.
Бул тууралуу альянстын баш катчсы Йенс Столтенберг билдирди. Анын ырасташынча, Эрдоган Швециянын НАТОго кошуу протоколун түрк парламентине мүмкүн болушунча тез жөнөтүүгө убада берди. Столтенберг муну "тарыхый күн" катары сыпаттады.
Мунун алдында, Вильнюстагы НАТОнун саммитин утурлай Эрдоган Швеция уюмга Түркия Европа Биримдигине мүчө болгондон кийин кабыл алынышы керектигин айткан.
АКШ президенти Жо Байден Түркия, Швеция жана НАТОнун баш катчысынын макулдашуусун колдоду.
Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча комиссары Жозеп Боррел менен британ премьер-министри Риши Сунак Анкара менен Стокгольмдун макулдашуусун "тарыхый кадам" катары баалады. Франциянын тышкы иштер министри Катрин Колонна Швецияны НАТОго кошуу протоколу чукул арада ратификациядан өтүп, бул Түндүк атлантикалык альянсты чыңдарына ишеним билдирди.
Швеция альянска кошулуу арызын былтыр майда берген. Аскердик альянска мүчө бардык 31 мамлекет макулдугун бергенден кийин гана ал арыз каралат. Буга чейин Түркия менен Венгрия колдобой келген. Расмий Анкара Швециядан өлкөдө жашырынган оппозиция өкүлдөрүн өткөрүп берүүнү талап кылган.