Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:58

Төө-Ашууда узак мөөнөттөгү убактылуу чектөө келерки аптада киргизилет


Төө-Ашуу.
Төө-Ашуу.

Бишкек-Ош кан жолундагы Төө-Ашуудагы каттамга 10 саатка чейин созулган убактылуу чектөө келерки аптадан тартып киргизилет.

Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады. Ага ылайык, учурда чектөөнүн жадыбалы түзүлүп, тиешелүү мекеме-органдар менен макулдашылып жатат.

Буга чейин аталган транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев тоннелди оңдоп-түзөө иштеринен улам убактылуу узак мөөнөткө жабылып турарын билдирген.

Ал Фейсбуктагы баракчасына “тоннелдин ремонт иштеринин акыркы этабы калды. Жумушту тез бүтүрүү максатында эми чектөөлөр кийинки жумадан баштап 10 саатка чейин болот. Бул аракет асфальт төшөөнү тездетүүгө байланыштуу”, - деп жазган.

Буга чейин аталган тоннелдин ичиндеги жолдун сапатына байланыштуу нааразылык көбөйгөн. Айрым учурда тыгындар дагы пайда болгон. Өткөн айда тоннелди суу каптаган.

Аталган министрлик май айында тоннель толугу менен оңдолорун билдирген.

Кусеин Көлбаев атындагы тоннелдин узундугу үч чакырымга жакын. Деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте жайгашкан.

Тоннелдин курулушу 1957-жылы башталып, 1964-жылы аяктаган. 1999-жылы аны Түштүк Кореянын "Самсунг" компаниясы реконструкциялаган.

XS
SM
MD
LG