Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:11

Министрлик аптапта оор жүк ташууга чектөө киргизилгенин эскертти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги чектөөгө карабай күн ысыкта жолго чыккан оор жүк ташыган машиналарга айып пул салынып жатканын билдирди.

Ага ылайык, 1-10-июль күндөрү эреже сактабаган айдоочуларга карата 15 протокол түзүлүп, 230 миң сомдон ашуун айып пул салынды. Учурда кан жолдордо текшерүү уланып жатат.

Аталган министрлик Кыргызстанда 1-июндан 1-сентябрга чейин жүк ташыган машиналарга күн ысыкта жолго чыгуусуна чектөө киргизген.

"Чектөөгө ылайык, саат 10:00дөн саат 20:00гө чейин, абанын күндүзгү температурасы 28 градустан жогору болгондо көлөмү 18 тоннадан ашкан жүк ташыган машиналарга жалпы пайдалануудагы жолдордо жүрүшүнө убактылуу тыюу салынат. Урматтуу айдоочулар, салынган жолдордун талкаланышына жол бербейли", - деп жазылган маалыматта.

Буга чейин күн ысыган маалда асфальт эрип, жүк ташыган оор машиналар жолду бузуп жатканы тууралуу нааразылыктар айтылып келген.

XS
SM
MD
LG