Кыргызстанда вакцина сакталган алты кампа курулат

Дүйнөлүк Банк Кыргызстанга коронавирус пандемиясынан улам эки долбоордун алкагында колдоо көрсөтүп келет.

Саламаттык сактоо министрлиги вакциналарды сактоо үчүн Токтогул, Ала-Бука, Араван райондорунда, Бишкек, Жалал-Абад жана Кербен шаарларында кампалар куруларын билдирди. Ага ылайык, бул иштер Дүйнөлүк банк каржылаган "COVID-19га чукул чара көрүү" долбоорунун негизинде ишке ашмакчы.

Аталган долбоордун алкагында, буга чейин Москва, Кемин жана Базар-Коргон райондорундагы кампалар оңдолгон. Учурда Чаек айылындагы жайды оңдоо аягына чыгып калды.

Андан сырткары 50 муздатуучу камера, дагы 50 термоконтейнер алынды.

Дүйнөлүк Банк Кыргызстанга коронавирус пандемиясынан улам эки долбоордун алкагында колдоо көрсөтүп келет.

Ага ылайык, ооруканалар жана медициналык мекемелер, лабораториялар жана чек ара бекеттери үчүн негизги медициналык ресурстарды чыңдоо, жабдууларды жана дары-дармектерди каржылоо каралган.

Дагы караңыз

Украина оккупацияланган Макеевкада кампага сокку урганын билдирди ИИМ: соңку алты айда 60тан ашык бала сууга чөгүп каза таптыНазарбаев камкордук кеңештеринин төрагасы макамынан ажырады Кытай Жозеп Боррелдин келерки аптадагы Бээжин сапарын токтотту Харьков: Орусиянын чабуулунан бери дегенде 43 адам жараат алды Жумгал: өкмөт башчы уран калдыктар маселесин референдумда чечүүнү айтты Грузия Киевдин Саакашвили жөнүндө талабын "кийлигишүү" деп атады