Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:14

Жумгал: өкмөт башчы уран калдыктар маселесин референдумда чечүүнү айтты


Акылбек Жапаров 4-июлда уран калдыктар сакталган жайлардын маселесинен улам Жумгал районуна барды.
Акылбек Жапаров 4-июлда уран калдыктар сакталган жайлардын маселесинен улам Жумгал районуна барды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 4-июлда уран калдыктары сакталган жайлардын маселесине байланыштуу Нарын облусунун Жумгал районуна барды. Анда Миң-Куш шаарчасындагы "Талды-Булак", "Туюк-Суу", "Как" жана "Дальнее" жайларындагы рекультивациялоо иштери менен таанышты. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, анда "Туюк-Суу" маселесин эл менен кеңешип, жергиликтүү тургундар арасында референдум жолу менен чечүүнү убада кылды.

"Учурда “Как” уран калдыктары сакталган жайында рекультивациялоо иштери жүрүп жатат жана ал ушул жылы бүткөрүлөт. “Талды-Булак”жайы “Дальнее” уран калдыктары сакталган жайга көчүрүлүүдө. Ташуу иштерин быйыл жыл аягына чейин бүтүрүү пландалууда. Ал эми “Туюк-Суу” уран калдыктары сакталган жайын

"Дальнее" жайына айыл аралаган жол аркылуу ташуу керек болгондуктан, жергилиликтүү эл каршылыгын билдирген. Акылбек Жапаров алар менен жолукту. Анда жергиликтүү тургундар эгерде “Туюк-Суу" ачылып, башка жайга көчүрүлө турган болсо ал ден соолукка зыян келтирерин айтышты.

Жапаров "бардык иштер мыйзам чегинде болоорун жана эл кызыкчылыгы үчүн чечилиши керектигин” билдирди. Ал "Туюк-Сууну" көчүрүү маселесин мындагы жашоочулар арасында "референдум" сыяктуу жол аркылуу чечүүнү жана анын жыйынтыгы менен өкмөт бир чечимге келерин билдирди",-деп жазылган маалыматта.

Миң-Кушта айрым жергиликтүү тургундар уран калдыктарын рекультивациялоого каршы чыгып келет.

2013-жылы уран казып алуу өнөр жайында жабыр тарткан аймактарды рекультивация кылуу боюнча Орусия, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын ортосунда келишим түзүлүп, бул программанын координатору жана ишке ашыруучусу болуп орусиялык “Росатом” мамлекеттик корпорациясы дайындалган. Алар программанын алкагында өлкөдөгү Кажы-Сай, Туюк-Суу, Миң-Куш жана башка уран калдыктары сакталган жайдан радиоактивдүү топуракты ташып, рекультивациялоо иштерин жүргүзүп баштаган.

Миң-Куштагы уран калдыктарынын негизги бөлүгү айылдын үстүндө жайгашкан. Андан ташылган уулуу зат айылды аралап өтөт.

XS
SM
MD
LG