Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:48

ИИМ: соңку алты айда 60тан ашык бала сууга чөгүп каза тапты


Баткен. Төрткүл суу сактагычына чөгүп кеткен 17 жаштагы уланды издөө иштери. Май, 2023-жыл. Сүрөт ӨКМге таандык.
Баткен. Төрткүл суу сактагычына чөгүп кеткен 17 жаштагы уланды издөө иштери. Май, 2023-жыл. Сүрөт ӨКМге таандык.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) соңку алты айда 60тан ашык жаш бала, өспүрүм сууга чөгүп каза болгонун билдирди. Мындан улам милиция коопсуздук чараларын күчөткөнүн маалымдады.

"Жайкы эс алуунун башталышы менен балдардын коопсуздугун камсыз кылуу өзгөчө актуалдуу маселелердин бири. Буга байланыштуу негизги тапшырма Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясына берилген. Жай мезгилинде коомдук тартипти сактоо үчүн укук коргоо органдары көлмөлөрдө, адамдар көп жүргөн жерлерде патрулдук иш-чараларды жүргүзүп жатат. Милиция кызматкерлери эс алуучуларга атайын бөлүнгөн жайларда гана сууга түшүүнү, ата-энелерге балдарды кароосуз калтырууга жол берилбесин, балдарга чоң кишилердин катышуусунда гана сууга түшүүгө болорун эскертет",- деп жазылган маалыматта.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, былтыр 85 адам сууга чөгүп каза болгон жана мындай кырсыктардын эң көбү жайкы сезондо Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарында катталган. Каза болгондордун 28и 12 жашка чейинки балдар.

XS
SM
MD
LG