Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:27

Грузия Киевдин Саакашвили жөнүндө талабын "кийлигишүү" деп атады


Михаил Саакашвили сотко видео байланыш аркылуу катышкан жана анда экс-президент кыйла арыктап, арып-азган абалда болгон.
Михаил Саакашвили сотко видео байланыш аркылуу катышкан жана анда экс-президент кыйла арыктап, арып-азган абалда болгон.

Грузиянын Тышкы иштер министрлиги экс-президент Михаил Саакашвили тууралуу Украинанын талабын "ички ишке кийлигишүү" деп атады. Мекеме тараткан маалыматта "Тбилиси украин бийлигинин аракеттерине терең камтамачылык билдирет. Киевдин кадамы эки өлкөнүн стратегиялык мамилелерине каршы багытталган" деп жазылган.

Мунун алдында Украинанын президенти Владимир Зеленский Саакашвилини дарылатуу үчүн Украинага жөнөтүүнү талап кылган. Анда экс-президенттин украин жарандыгы бар экенин белгилеген.

Зеленский Тышкы иштер министрлигине Киевдеги грузин элчисин чакырып, 48 сааттын ичинде Украинадан кетип, бул маселе тууралуу Тбилиси менен кеңешип келишин айтууну тапшырган.

Ага чейин Саакашвили сотко видео байланыш аркылуу катышкан жана анда экс-президент кыйла арыктап, арып-азган абалда болгон.

Зеленский Твиттердеги баракчасына "Орусия грузин бийлигинин колу менен Украинанын жараны Саакашвилини жок кылып жатат" деп жазды. Ал Киев Тбилисиден экс-президенттин Украинага кайтып келишине макулдук берүүнү бир канча жолу өтүнгөнүн, Батыштагы өнөктөштөрү мындан башка дагы варианттарды сунуштаганын белгиледи.

Алты жылга соттолгон Саакашвили былтыр жыл аягында абактан Тбилисидеги жеке клиникалардын бирине которулган. Жактоочулар анын саламаттыгы тездик менен начарлап баратканын айтышкан. Саакашвили өзү уулануунун курмандыгы болгонун билдирген. Грузин бийлиги муну четке кагып келет.

Европарламент Тбилисини Саакашвилини бошотууга жана анын чет өлкөдө дарылануусуна уруксат берүүгө чакырган резолюция кабыл алган.

Украинанын жарандыгын алган Саакашвили 2021-жылы күзүндө өлкөгө кайтып келгенден кийин Тбилисиде камакка алынган. Ага чейин ал сыртынан алты жылга соттолгон. Саясатчыга "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып коюлган. Өзү муну саясий куугунтук деп атайт.

XS
SM
MD
LG