Украина оккупацияланган Макеевкада кампага сокку урганын билдирди

Макеевка шаары, архивдик сүрөт.

Украинанын Куралдуу күчтөрү Донецк облусундагы оккупацияланган Макеевка шаарындагы кампага сокку урулганын кабарлады. "Донецк элдик республикасы" деп аталган жикчил аймактын Москва дайындаган бийлиги чабуулда оорукана жабыркаганын, жарадар болгондор бар экенин билдирди.

Украина "Коргоо күчтөрүнүн натыйжалуу таасиринин негизинде кезектеги кампа иштен чыкканын" айтты, бирок бул кампада эмне сакталып турганын тактаган жок.

Аннексияланган шаардын мэринин ырасташынча, чабуулда набыт болгондор дагы бар, турак жайлар, административдик имараттар жабыркады. Анын сөзүнө караганда, ооруканага урулган соккуда жабыркаган бейтаптар башка медициналык жайларга көчүрүлүп жатат.

РИА Новости агенттиги оккупацияланган аймактын "бийлигине" таянып, украин армиясынын чабуулунан сегиз медициналык жай жабыркаганын, терезелери, эшиктери жана тосмолору сынганын жазды.

Дагы караңыз

ИИМ: соңку алты айда 60тан ашык бала сууга чөгүп каза таптыНазарбаев камкордук кеңештеринин төрагасы макамынан ажырады Кытай Жозеп Боррелдин келерки аптадагы Бээжин сапарын токтотту Харьков: Орусиянын чабуулунан бери дегенде 43 адам жараат алды Жумгал: өкмөт башчы уран калдыктар маселесин референдумда чечүүнү айтты Грузия Киевдин Саакашвили жөнүндө талабын "кийлигишүү" деп атады