Молдова: аба майданда ок чыгарган тажик жараны алган жараатынан мерт болду

Кишинев эл аралык аэропорту.

Молдовада Кишинев эл аралык аэропортунда эки адамды атып салган тажик жараны аны кармоо учурунда алган жараатынан мерт болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Ички иштер министрлиги кабарлады.

Тажикстандык Рустам Ашуров аба майданда 30-июнда чек ара полициясынын кызматкерин жана коопсуздук кызматкерин атып салган. Окуядан дагы бир жүргүнчү жараат алган. Кылмышка шектүүнү кармоо учурунда ага бир канча жолу ок атылганы айтылган.

Ашуров Кишиневге Түркиядан учуп барган. "Ассошиэйтед Пресс" агенттиги ал Молдовадан депортация болмоктугун жазган. Ал өзүн күтүү залына коштоп бара жаткан кызматкерлердин биринин тапанчасын тартып алып, ок чыгарган.

Молдованын бийлиги коопсуздуктан улам бул жаранга өлкөгө кирүүгө тыюу салынганын билдирген.

Өлкө президенти Майя Санду окуядан кийин мамлекеттик мекемелерге жогорку даярдыктагы режим киргизилип, өлкө боюнча полиция жана башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери мобилизацияланганын кабарлаган.

Молдованын Ички иштер министрлиги аэропорттогу окуя боюнча кылмыш ишин козгогон. Жергиликтүү басылмалар Башкы прокуратура бул окуяны террордук акт беренеси менен тергей баштаганын кабарлады.

Дагы караңыз

Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлүнө сөгүш берди Шопоковдогу мунай базасындагы өрттөн жабыркаган киши көз жумдуӨкмөт "Мегакомду" ("МЕГА") 14,6 млрд. сомго баалап, сатыкка чыгардыНарын дарыясына экскаватор менен түшүп кеткен жарандын сөөгү табылды Зеленский Саакашвилини дарылатуу үчүн Украинага жөнөтүүнү талап кылды