Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:51

Өкмөт "Мегакомду" ("МЕГА") 14,6 млрд. сомго баалап, сатыкка чыгарды


Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги “Альфа Телеком” ишканасын (мурдагы "Мегаком", азыркы "MЕГА" мобилдик байланыш компаниясы) 14,6 миллиард сомго баалап, сатыкка чыгарды. Ага ылайык, арыздарды кабыл алуу 4-июлда башталды жана ушул жылдын 2-октябрында аяктайт. Бул тууралуу мекеменин сайтына жарыяланды.

Анда компания тууралуу техникалык маалымат берилген жана учурда абоненттеринин саны 2,5 миллиондон ашык экени, 5,5 миңден көп базалык станциясы бардыгы көрсөтүлгөн. Ошондой эле сатып алууга кызыккандар үчүн шарт, эреже-талаптар жазылган.

Ушул жылдын апрель айында Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев аталган компаниянын баасы 14,6 миллиард доллар болуп бычылганын билдирген. Анда ишкананы баалоо боюнча мекемелер аралык комиссиянын жыйында казакстандык "ААР — Эдвайзори енд Рисерч" концерциуму жана "Терра Консалтинг" көз карандысыз баалоо-агенттиги Mega компаниясын (170,3 миллион доллар) 14,6 миллиард сом деп баалаганын айткан. Комиссиянын бул бааны туура деп тапкан чечимин Министрлер кабинетине жөнөткөнүн, өзү каршы добуш бергенин маалымдаган.

“Кыскасы, мамлекеттик ишкананын баасы бычылды. Мен комиссиянын мүчөсү катары “каршы” добуш бердим. Бул баасына байланыштуу эмес. "Мегакомду" сатууда күмөндүү иштерге аралашкан Ширшовдун жакындары жүрөт. Ширшовдун колуна "Мегакомду" карматканы турабыз”, - деген Акаев.

Министрлер кабинети баанын бычылышына жана депутат Акаевдин айткандарына комментарий берген эмес.

Өткөн жылдын аягында "Альфа Телекомду" сатуу үчүн баалоочу компанияны тандоо максатында сынак жарыялаган. Анда "Мега" мамлекет сатыкка коюла турган 30 ишкананын катарында экенин, убагында 19 миллиард сомго бааланганы айтылган.

2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан кийин убактылуу өкмөт аталган компаниянын 49% улутташтырган. 2014-жылы компания толук бойдон мамлекеттин карамагына өткөн.

XS
SM
MD
LG