Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:20

Шопоковдогу мунай базасындагы өрттөн жабыркаган киши көз жумду


Мунай кампасындагы өрт. Шопоков шаары, Чүй. 20-июнь, 2023-жыл.
Мунай кампасындагы өрт. Шопоков шаары, Чүй. 20-июнь, 2023-жыл.

Чүйдүн Шопоков шаарында мунай кампасындагы өрттөн жабыркап, ооруканага түшкөн эки кишинин бири каза болгонун, экинчисинин абалы турукташып калганын бүгүн 4-июлда “Азаттыкка” Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Жарааты оор бейтап үч күндөн кийин көз жумганы, экинчисинин абалы жакшырып, дарылануусун уланып жатканы кабарланды.

Шопоков шаарында темир жол бекетине жакын жайгашкан мунай базасындагы өрт 20-июнда түштөн кийин тутанган.

Жабыркаган төрт кишинин экөө Бишкектеги Тез жардам ооруканасына санавиация менен жеткирилген. Бирөөнүн абалын дарыгерлер өтө оор деп мүнөздөп жатышкан, анын денесинин 95% күйгөн. Экинчисиники канааттандырарлык, аныкы денесинен 15% күйүк алганы маалымдалган. Дагы бир киши мээси чайкалып, Сокулук ооруканасына түшкөн. Төртүнчүсү абалы канааттандырарлык болгондуктан үйүнө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Жалпысынан мунай куюлган алты цистерна, бензин ташуучу эки машина жана төрт жеңил машина күйүп кеткени маалымдалган.

Облустук милиция Кылмыш-жаза кодексинин “Өрт коопсуздугунун эрежелеринин бузулушу” деген беренеси менен иш козгогон.

XS
SM
MD
LG