Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:27

Нарын дарыясына экскаватор менен түшүп кеткен жарандын сөөгү табылды


Нарын дарыясы, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт.
Нарын дарыясы, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Нарын дарыясына экскаватору менен түшүп кеткен 68 жаштагы жарандын сөөгү табылганын 4-июлда билдирди.

Мекеменин билдиришинче, кырсык Куланак айылындагы насостук станциянын башкы курулмасында 2-июлда, күндүзгү саат 3төн өткөндө болгон. Ал жерде дарыянын жээгин бекемдөө иши жүрүп жаткан.

Кыргызстанда былтыр жыл ичинде 85 адам сууга чөгүп каза болгон жана мындай кырсыктардын эң көбү жайкы сезондо Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарында катталган. Каза болгондордун 28и 12 жашка чейинки балдар.

XS
SM
MD
LG