Чукул кабар: тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

Өткөн айда Алай районунун Белеков айыл өкмөтүндө селдин айынан өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайыга байланыштуу чукул кабар таратты. Анда 3-6-июль күндөрү абанын табынын жогорулашынан жана нөшөрлөп жааган жаан-чачындан улам сел жүрүшү ыктымал экени эскертилген.

"Мындай аба ырайыдан улам өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел каптоонун алдын алуу үчүн үй жанындагы арыктарды, дренаждык каналдарды тазалоону сунуштайт",-деп жазылган маалыматта.

Өткөн айда нөшөрлөп жааган жаандан улам Баткен районунун Суу-Башы жана Кыштут айыл өкмөттөрүнүн аймагын сел каптаган жана өзгөчө кырдаал жарыяланган. Көп өтпөй Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда дарыядагы суунун деңгээли жогорулап, коркунуч жаралганынан улам өзгөчө кырдаал киргизилген. Андан кийин сел каптаган Алай районунун Белекбаев айыл өкмөтүндө өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Дагы караңыз

Нарын дарыясына экскаватор менен түшүп кеткен жаран табыла элек Сот Юрий Низовскийге 50 миң сом айып пул салды Ош: Кара-Суудагы "Боорукердик үйүндөгү" өрт өчүрүлдү Илон Маск Твиттердеги билдирүүлөрдү окууга убактылуу чектөө киргизди Варшава поляк-беларус чек арасына кошумча 500 полиция жөнөтөт "Вагнер" аскерге кабыл алууну убактылуу токтоткону кабарланды