Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:58

Сот Юрий Низовскийге 50 миң сом айып пул салды


Юрий Низовский.
Юрий Низовский.

Бишкектеги Биринчи май райондук соту №61 мектептин мурдагы директору Юрий Низовскийге байланыштуу өкүм чыгарды. Ага ылайык, тергөөдө Низовскийге үч эпизод менен айып тагылган. Сот өкүмүндө Т.А. аттуу мугалимден 400 доллар, ал эми бир окуучунун А.А. аттуу ата-энесинен 10 миң сом алганы далилденбегени жазылган. Бирок мурдагы мектеп директору дагы бир эпозодго байланыштуу, тактап айтканда Б.Т. аттуу адамдан балдарын №61 мектепке которуу үчүн 12 миң сом алууга күнөөлүү деп табылып, 50 миң сом айып пул салынган.

Низовский сотто күнөөсүн мойнуна алган эмес. Ал өзү жана анын жактоочусу сот чечими тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) былтыр августта Низовский коррупцияга шек саналып кармалганын билдирген. Анда атайын кызмат ал окуучулардын ата-энелеринен туруктуу акча алып турган коррупциялык схема түзгөнү аныкталганын жарыялаган. УКМК кылмышка шектүү мыйзамсыз мүлктөрүн жашыруу максатында аларды жакындарына жана ишенимдүү адамдарга каттатып жүргөнүн, “Тергөөнүн жүрүшүндө анын жана жакын туугандарынын менчигинде 35тен ашык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк аныкталганын” кошумчалаган.

Көп өтпөй сот Низовскийди үй камагына чыгарган. Анын адвокаты Икрамидин Айткулов “коррупция” беренеси "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” болуп өзгөртүлгөнүн билдирген.

Былтыр июлда президент Садыр Жапаров көп жыл иштеген мектеп директорлорун иштен алуу, аларды атайын сынак аркылуу дайындоо тууралуу жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, беш жылдан көп иштеген мектеп директорлору иштен бошотулуп, кайра сынак аркылуу тандоо башталган.

Низовский 61-мектепте 1991-жылдан бери директор болуп иштеп келаткан жана бул сынакка катышпай турганын айткан. Аны колдогон ата-энелер нааразылык акциясына чыккан.

XS
SM
MD
LG