Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:20

Илон Маск Твиттердеги билдирүүлөрдү окууга убактылуу чектөө киргизди


Илон Маск.
Илон Маск.

Твиттерди сатып алган америкалык миллиардер, SpaceX жана Tesla компанияларынын ээси Илон Маск бул социалдык тармактагы билдирүүлөрдү көрүүгө, окууга убактылуу чектөө киргизди. Ага ылайык, көк белгиси бар, верификациядан өткөн колдонуучулар бир күндө 10 миң билдирүүнү көрө алат. Ал эми катардагы колдонуучулар бир миң, жаңы катталгандар болсо 500 билдирүү окуй алат.

Маск башында мындан дагы аз сандагы билдирүүлөрдү көрүү мүмкүн экенин билдирген, бирок көп өтпөй көрүүнүн санын көбөйткөн. Ал мындай өзгөрүүнү "системадагы манипуляция жана маалыматтарды чогултуунун экстремалдык деңгээли" менен байланыштырды, бирок аны кеңири чечмелеген жок.

Мындай убактылуу чектөө канчага созулары азырынча белгисиз.

Учурда Твиттерде верификациядан өтүп, көк белги алгандар айына сегиз доллардан төлөп турат.

Маск Твиттерди былтыр октябрда 44 миллиард долларга сатып алган. Анда социалдык түйүндү кескин өзгөртүүнү убада кылган жана ошондон бери анын буга байланыштуу бир катар чечимдери талаш-талкуу жаратып, сынга кабылган. Маск Твиттерде иштеген кызматкерлердин санын дагы кыйла азайткан.

XS
SM
MD
LG