Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:40

"Вагнер" аскерге кабыл алууну убактылуу токтоткону кабарланды


"Вагнердин" козголоңунан кийин Орусияда жалданма жоокерлерди кабыл алуу үчүн ачылган жайлары жабылып, көрнөк-жарнактары алына баштаган.
"Вагнердин" козголоңунан кийин Орусияда жалданма жоокерлерди кабыл алуу үчүн ачылган жайлары жабылып, көрнөк-жарнактары алына баштаган.

"Вагнер" менчик аскердик компаниясына таандык Телеграм-каналдар жалданма жоокерлерди кабыл алуу бир айга токтотулганын кабарлашты. Анда Украинага каршы согушка тартуунун убактылуу токтотулушу компаниянын Беларуска көчүп жатканы менен байланыштуу экени жазылган.

"Вагнердин" 23-24-июндагы козголоңунан кийин Орусияда жалданма жоокерлерди кабыл алуу үчүн ачылган жайлары жабылып, көрнөк-жарнактары алына баштаган.

Былтыртан бери Украинада согушуп жаткан "Вагнердин" жетекчиси Евгений Пригожин соңку кездери орус армиясынын жетекчилигин көп сындап жүргөн. Өткөн айда, 24-июнга караган түнү "вагнерчилер" Украинадагы базаларынан чыгып, Ростов-на-Дону шаарын эч кандай каршылыксыз басып алган. Москвага 200 чакырым калганда Пригожин "кан төгүүнүн алдын алуу үчүн" артка кайтышарын күтүүсүз жарыялаган.

Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко менен сүйлөшкөндөн кийин "куралдуу көтөрүлүштү" токтотуп, артка кайткан Пригожин өзү дагы Беларуска кетери маалымдалган.

Орус президенти Владимир Путин 27-июндагы билдирүүсүндө "Вагнер" толугу менен мамлекеттен каржыланып келгенин моюнга алган.

XS
SM
MD
LG